Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жыл мезгили, көктөм (март, апрель, май айлары). Ак кар кетип, жаз келип, Көк тукаба өңдөнүп, Көйкөлүп шибер чөп чыгып (Токтогул). Жаз – жарыш, күз – күрөш (макал). Ыйлаак өткөн жазда бир ай бою Мамырдыкына барып жүрдү (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кагаздын же башка материалдын бетине графикалык белги, жазуу, тамга же цифраларды түшүрүү. Аскар дагы эки-үч сапты жазды да, кайра узун тартып өчүрүп койду (Сыдыкбеков). Командири жазып берген Куп жашырын каты бар (Бөкөнбаев). || Жазуу жүзүндө кандайдыр бир эмгек, макала, чыгарма жаратуу. Чокчоңдоп кээде ал дагы, Чочугансып сын жазган (Маликов). Ойлогонум ыр болду чиркин дүйнө, Ырды жазсам кубанам, көңүл өсөт (Шимеев). 2. Музыкалык чыгармаларды, сүйлөнгөн сөздү ж. б. техникалык каражаттар аркылуу пластинкага, лентага ж. б. түшүрүү. Концертти жазып коюу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир түрмөктөлгөн, бүктөлгөн, бырышкан нерсени жаюу, ачуу, бүктөлбөгөн, бырышпаган, оролбогон ж. б. абалга келтирүү. Кагаздын бүктөөсүн жазып көз жүгүрттү («Ала-Тоо»). Таңылчагын кылдатык менен жазып, түрмөктөлгөн күрмөнү сууруп чыкты («Ала-Тоо»). 2. Кере жайып ачуу, бүктөлгөн, түйүлгөн, куушурулган ж. б. абалдан жайылган, кере ачылган, эркин болгон абалга өтүү. – Апаке! – деп Күлжан кучагын жазды (Байтемиров). Тобокел ары-бери чуркап денесин жазат. Мышык тырмактарын жазып эки колун илгери созду (Сыдыкбеков). 3. Таратуу, жоюу (мисалы, кайгы-капага карата). Качантан бери бук болгон, Черибизди жазалы («Семетей»). Камоодо жаткан эрендин, Кайгысын жазган сен элең, Төштүк («Эр Төштүк»). Ойноп кетти бул экөө, Эриккенин жазганы (Осмонкул). 4. Көңүл ачуу, эркин, шайыр абалга келүү. Көңүлүн жазат жалпынын, Көңүлү ачык март адам (Барпы). Отуруп чертип чүкөнү, Абакем кумар жазыптыр («Эр Табылды») Жабыкканда жарпын жазар кубат бол (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ката кетирүү, кемчилик кетирүү, жаңылыштык кетирүү. Бир жеримен жазып калбагай элем деп чебердей жүрдүм (Каимов). Муну капа кылгандай не жазганы бар (Байтемиров). || Терс мүчө уланып: жазба формасында. Өзгөрбөө, дайыма бир калыпта болуу. Эркекыз жылмайган калыбын жазбай кеп салды (Байтемиров). Күтөрүм сенден кымбатым, Кайратыңдан жазбагын (Осмонкул). 2. Жаңылуу, жаздым тийүү, ачык-таамай болбоо, кыйшык кетүү, тайып калуу. Кол жаңылып, тил жазып, Болгон эмес катасы (Элебаев). Жазбай аткан мергени, Жаңыдан кайра чогулуп («Манас).